Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-июну № 194-б
2018-жылга каралган иш-чараларды каржылоого каражат жетпей калгандыгына байланыштуу биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү иштерди бүтүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 186-б, 2018-жылдын 24-июнундагы № 263-б, 2018-жылдын 19-октябрындагы № 365-б буйруктарына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы жана бюджет боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2019-жылдын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиркемеде көрсөтүлгөн объектилердеги биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү иш-чараларын жүргүзүү үчүн 35 147 200 (отуз беш миллион жүз кырк жети миң эки жүз) сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыккан тийиштүү өзгөртүүлөрдү эске алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу пайдаланышын камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүнү талап кылуучу обьектилердин тизмсеи
(миң сом)
№ | Объектилердин аталышы | Сумма |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 186-б буйругу | ||
1 | Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Кан-Коргон айылындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн курулушу | 1050,0 |
2 | Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылындагы Көк-Арт дарыясындагы коргоочу тосмонун курулушу | 1399,0 |
3 | Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын Ак-Терек участогундагы Козубаглан дарыясынан өтүүчү ички чарбалык көпүрөнүн курулушу | 5755,0 |
4 | Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Андархам айылындагы Чагатай участогундагы Козубаглан дарыясынан өтуүчү ички чарбалык көпүрөнүн курулушу | 5000,0 |
| Баардыгы: | 13204,0 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 263-б буйругу | ||
1 | Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Баш-Дөбө айылындагы Ош-Бишкек автожол көпүрөсүнүн ылдый жагында жайгашкан Кара-Дарыя дарыясындагы коргоочу тосмонун курулушу | 5080,0 |
2 | Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Арал участогундагы Көк-Арт дарыясындагы №10 коргоочу тосмонун курулушу | 1605,4 |
3 | Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Нооруз дарыясынын сол жээги боюнча Үч-Эмчек жана Таш-Башат айылдарынын аймагындагы коргоочу тосмонун курулушу | 93,4 |
| Баардыгы: | 6778,8 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 365-6 буйругу | ||
1 | Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылындагы Көк-Арт дарыясында жээкти бекемдөө иштери | 1406,2 |
2 | Ош шаарынын №5 "Керме-Тоо" аймактык кеңешинин 218-кварталындагы Керме-Тоонун энкейишиндеги таштарды түшүрүү жана ташуу иштери | 619,2 |
3 | Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-май айылындагы Булбул участогундагы коргоочу тосмонун курулушу | 423,0 |
4 | Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагынын Жийде айылындагы Кара-Дарыясында коргоочу тосмонун курулушу | 1627,8 |
5 | Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл аймагынын Чалк-Өйдө айылындагы Көлмө-Ата участогундагы Чал-Куйду сел сайы аркылуу өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери | 3400,5 |
6 | Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын Капчыгай участогундагы Кызыл Алай дарыясында суу бөлүштүрүү системасын калыбына келтирүү иштери | 687,0 |
7 | Жалал-абад облусунун Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя-1 жана Ак-Кыя-2 участокторундагы Кара-Суу дарыясында жээкти бекемдөө иштери | 7000,0 |
8 | Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын Чимген айылындагы Шор-Булак сел сайында коргоочу тосмонун курулушу | 0,7 |
| Баардыгы: | 15164,4 |
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу баардыгы | 35147,2 |
| Калдыгы: | 35147,2 |