Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-апрели № 6
Жайыт пайдалануучулардын 2017-2018-жылдардагы төлөмдөрүн жана мал эсебин тактоого көмөктөшүү үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин төрагасы Ы.Ж.Эрмаматовдун Кашка-Суу айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулардын 2017-2018-жылдардагы төлөмдөрүн жана мал эсебин тактоого көмөктөшүү үчүн комиссия жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактыккеңешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулардын 2017-2018-жылдардагы төлөмдөрүн жана мал эсебин тактоого көмөктөшүү үчүн депутаттардан жана өкмөт мүчөлөрү ошондой эле айыл башчылардан куралган убактылуу комиссия түзүлсүн.
2. Комиссиянын төрагасын жана жумушчу тобун комиссия мүчөлөрү атайын отурумда дайындап. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш жүргүзүү менен, ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешине отчет берсин.
3. Комиссиянын мүчөлөрү:
- Калбаев Турусбек -Кашка-Суу ААКнындепутаты.
- Курбаналиев Абуталип - Кашка-Суу ААКнындепутаты
- Курбаналиев Абдыжапар - Кашка-Суу ААКнындепутаты
- Баапов Айбек - Кашка-Суу ААКнындепутаты
- Көчкөнов Баймамат - Кашка-Суу ААКнындепутаты
- Алиев Кудиретилла - Кашка-Суу ААКнындепутаты.
- Дубанаев Бакиридин - Кашка-Суу ААКнындепутаты.
- Абуталип Абдыхалилов - Кашка-Суу ААКнындепутаты.
- Кожоакматов Кудаяр - Кабык айылынын айыл башчысы
- Термечиков Насиридин - Бурган-Суу айылынын айыл башчысы
- Шамурзаев Шерали -Кара-Кабак айылынын айыл башчысы
- Гайыпов Өмүрбек -Жайылма айылынын айыл башчысы
- Боркошев Ибрагим -Ачык-Суу айылынын айыл башчысы
- Надыров Нургазы -Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкери
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Экономика инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш комуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |