Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-апрели № 9
Булактан суу тартып түшүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын өкмөт башчысы С.Ж.Бкировдун Кашка-Суу айылына караштуу “Оргума” булагынан “Чоң-Алай суулары” ЖЧКсына атайын түтүктөр менен суу тартып иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чоң-Алай суулары” ЖЧКсы сураган “Оргума” булагынан аталган ишканага чейин булак суусун тартып келип, минералдык суу катары иштетүүгө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү, тактоо жана даярдоо Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаңшоевге, юристи У.Алибаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш, коммуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |