Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-апрели № 10
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылына таза суу түтүгүн куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын өкмөт башчысы С.Бакировдун Бурган-Суу айылына таза суу куруу үчүн “Кара-Жылга” участкасынан Бурган-Суу айылына чейин узуну 10 000 туурасы 4 метр, Бурган суу айылынын ичинен узундугу 5000 туурасы 2 метр, жалпы 60 000 м/кв жер аянтын таза суу түтүктөрүн курууга чектеп берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагынын Бурган-Суу айылына таза суу куруу үчүн “Кара-Жылга” участкасынан Бурган-Суу айылына чейин узуну 10 000 туурасы 4 метр, Бурган суу айылынын ичинен узундугу 5000 туурасы 2 метр, жалпы 60 000 м/кв жер аянтын таза суу түтүктөрүн курууга чектеп берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү, тактоо жана даярдоо Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаңшоевге, юристи У.Алибаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш, коммуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |