Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 4
Кабык айылындагы Кыргызстан жана Жаштык көчөлөрүнө 1700 метр жерге көчө жарыктарын орнотууга жана Кабык орто мектебинин айланасын тосууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык айылынын депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин чакырылышынын кезектеги чакырылышынын үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабык айылындагы Кыргызстан жана Жаштык көчөлөрүнө 1700 метр жерге көчө жарыктарын орнотууга жана Кабык орто мектебинин айланасын тосууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү, тактоо жана даярдоо Кабык айылынын айыл башчысы К.Кожокматов жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Р.Ботобековко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коммуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |