Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №28/7
Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы эскилиги жеткен бактарды кыюу
Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы эскилиги жеткен бактарды кыюу боюнча Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн багындагы 4 (төрт) түп, №27 Ж.Алимов атындагы орто мектебиндеги 21 (жыйырма бир), №26 А.Бекташов атындагы орто мектебиндеги 28 (жыйырма сегиз) түп алмалардын эгилгенине көп жыл болуп, түшүмдүүлүгү начарлагандыгына байланыштуу, аларды кыйып, ордуна жаңы көчөттөр тигилсин.
2. Корул айыл өкмөтүнүн алдындагы 4 (төрт) түп кара жыгач кыйылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөттүн башкы жер адиси А.Ысаковго жана Айылдык Кеңештин жер жана агроардык маселелер, муниципалдык менчик, мүлк, экологиялык кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |