Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №28/8
Тогуз-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункту жайгашкан имаратты Сулайманов Тойчу атындагы балдар бакчасы деп атоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 2018-жылдын 31-майындагы №17/8 токтомунун негизинде, Тогуз-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункту жайгашкан имаратты Сулайманов Тойчу атындагы балдар бакчасы деп атоо боюнча Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 2018-жылдын 31-майындагы №17/8 токтомунун негизинде, Тогуз-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункту жайгашкан 1046,5 чарчы метр аянтындагы имарат, Сулайманов Тойчу атындагы балдар бакчасы деп аталсын.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |