Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну №30/2
Корул айыл өкмөтүндөгү Ак-Талаа, Тогуз-Булак, Кең-Жылга, Арал эмканаларынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 8-пунктуна ылайык Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Талаа, Тогуз-Булак, Кең-Жылга, Арал эмканаларынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук жана мамлекеттик программаларын аткарууда бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Калктын медико-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу, айрыкча жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жалпы элдик жыйындарда талкуулап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ФАП башчыларына жана айыл өкмөтүнүн ден соолук комитетине милдеттендирилсин.
3. Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, бейтаптарды кабыл алууда жана дарылоодо аяр мамиле жасоо, диспансердик каттоодо турган оорулууларга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү, эмканалардын санитардык абалын эрежедеги талаптарга ылайык кармоо ФАП башчыларына милдеттендирилсин.
4. Кош бойлуу аялдарды өз убагында каттоого алып, төрөткө чейинки көзөмөлдү күчөтүү, аймактык ооруканага баруу үчүн, алмаштыруу карталарын өз убагында жазып берүүнү жана аларга түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү ФАП башчыларына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |