Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу №32/1
Корул айыл өкмөтүнө караштуу «Арал таза суу» ишканасынын суу кампаларын куруу үчүн жана башка керектелүүчү жерлерди тактап, айрым менчик жерлерди айыл өкмөтү тарабынан сатып алуу жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнө караштуу «Арал таза суу» ишканасынын суу кампаларын куруу үчүн жана башка керектелүүчү жерлерди тактап, айрым менчик жерлер айыл өкмөтү тарабынан сатылып алынсын.
2. «Арал таза суусуна» суу кампа куруу үчүн жайыт жеринен 1,00 га жер аянтынын котегориясын өзгөртүп берүү жагы, Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго, айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |