Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу №32/2
Корул айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган НОWО CWD3120А3R4 Автосамосвал маркасындагы техникасынын иштөө тарифин бекитүү жөнүндө
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган НОWО CWD3120А3R4 автосамосвал маркасындагы техникасынын иштөө тарифи 100км аралыкка барып алып келүүсү 9696 сомго, анын ичинен 15 % айдоочунун эмгек акысына кирешеден түшкөн пайдасы (подоход) ичинде, 35% күйүүчү жана майлоочу майына, 20% амортизациясына, 30% ремонтуна жана кийинки техника алууга резервде сактоо үчүн бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундарына НОWО CWD3120А3R4 автосамосвал маркасындагы техникасынын кызмат кылуусунун тарифин жана техниканын абалын көзөмөлдөө жагы, жайыт комитетинин төрагасы Ж.Бекташовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Бекташовго жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |