Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу №32/3
Токтобаев Белекке Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 2-заседаниесинин (2013-жылдын 16-январындагы №2/1 токтому менен Корул айылдык кеңешинин регламентинин редакциясы) Корул айылдык кеңешинин типтүү регламентинин 2-бөлүгүнүн 3-главасынын 3.1-пунктуна таянып, Корул айылына эмгеги сиңген атуулга «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна демилге көтөрүп, өз каражатынын эсебинен демөөрчүлүк кылып, Корул айылынын экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн, Токтобаев Белекке Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана ФЭБ башчы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |