Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын7-марты № 17-19/5
Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн менчигиндеги ВАЗ 2121 кызматтык автоунаасын Жайыт комитетине жана Volkswagen Sharan кызматтык автоунаасын «Баш-Кууганды» муниципалдык ишканасына башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн менчигиндеги ВАЗ 2121 кызматтык автоунаасын Жайыт комитетине жана Volkswagen Sharan кызматтык автоунаасын «Баш-Кууганды» муниципалдык ишканасына башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө маселени угуп, Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кенеши XVII чакырылыштагы кезектеги он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн менчигиндеги ВАЗ 2121 кызматтык автоунаасын Жайыт комитетине башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн менчигиндеги Volkswagen Sharan кызматтык автоунаасын «Баш-Кууганды» муниципалдык ишканасына башкарууга өткөрүлүп берилсин.
3. Бул токтом айыл ɵкмɵтү аркылуу каттоодон ɵткɵрүлүп, www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына камсыз кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Р. Жумуковго тапшырылсын.
Төрага | К. Ажыгулов |