Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-марты № 17-19/6
Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагында айдоо жерлерди трансформацияга сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 токтомундагы “сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтуу өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө токтомунун негизинде, Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңеши XVII чакырылыштагы кезектеги он тогузунчу сессиясы токтом кылат:
1. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагын да калк отурукташып калган төмөндөгү участкаларда жайганкан 63 га жер аянты калктуу конушка которууга (трансформациялоого) сунушталсын.
№ 1258 контурундагы «Асанбек» участкасындагы 35,0 га жер аянты
№ 871, 872 контурларындагы «Керезбек-1» участкасындагы 9,1 га жер аянты.
№ 955 контурундагы «Керезбек-2» участкасындагы 18,9 га жер аянты.
2. Бул токтомдун негизинде, трансформацияга тиешелуу документтерин бүтүрүү жагы Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси М. Кожомкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом айыл ɵкмɵтү аркылуу каттоодон ɵткɵрүлүп, www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Р. Жумуковго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ажыгулов |