КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-августу № 302-б
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы электр энергиясы менен тышкы соодалык товар алмашуу боюнча өз ара мамилени жөнгө салуу максатында, 2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин 8-жыйналышынын протоколун эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 247-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы «10-августуна» деген сөздөр «31-августуна» деген сездөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |