Редакцияот 15.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 15-июлу № 3

Жергиликтүү башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу

 Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын кезектеги XХIX – сессиясы мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 – токтомунун негизинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын мамлекеттик башкармалыгынын укуктарын айыл өкмөтүнөн өткөрүп берүү келишимин карап талкуулап

ТОКТО М КЫЛАТ :

1.Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын мамлекеттик башкармалыгынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Бейшебаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

 У. Андакулов