Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 22- августу № 309-б
Жарандардын ден соолугун чыңдоо, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд органдары алмаштырылып салынган бейтаптар үчүн гемодиализ блогу бар нефрологиялык борборду түзүү үчүн, жалпы аянты 3226 чарчы метр болгон, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан урологиялык борбордун имаратын (мындан ары - объект) жанаша аймагы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын оперативдүү башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: -ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- объектти максаттуу багытта пайдаланууну камсыздасын;
-ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 572-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |