Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 8-августу № 295-б
Курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Куруучулар күнүн майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Кенжетаев Камчыбек Исмаилович
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директорунун орун басары;
|
Туменбаев Садыкбек Турдубекович
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун № 3 устакана башчысы;
|
Джундубаева Токтобубу Абдумажитовна
| -"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын архитектуралык-пландаштыруу шарттары жана макулдашуу бөлүмүнүн башкы адиси жана долбоордун башкы архитектору;
|
Дюшеналиев Ишенбек
| -"Авангард Стиль" курулуш компаниясы" чектелген коомунун ага прорабы |
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |