Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 22-августу № 314-б
Ак ниет эмгеги жана аялдардын ишкерлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык»:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
«Курак» Аялдар Форуму» коомдук бирикмеси;
Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгү;
Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү;
Вощинина Нелля Олеговна, «Viva Тех» («Вива Тэкс») жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары;
Караева Гулжамал Адилбековна, «Сладости багери» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Караева Азима Каримовна, «Үй-бүлө тибиндеги «Кут кадам» балдар үйү» мекемесинин директору ;
Конокбаева Венера Алимкуловна, «Таар стиль» ишканасынын директору;
Көчөрова Элиза Доелотказиевна, «Эмел» суу чыгаруучу цехтин директору;
Малабаева Нургуль Маликовна, «Ак-Куу» ачык акционердик коомунун башкы директору;
Мусуралиева Атыркуль, «Лима-Фарм» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Саткынбаева Парида Асылбековна, «Белек Баатыр Ата» айыл чарба кооперативинин жетекчиси;
Чыныбаева Айжан Адамкалиевна, «Курак» коомдук фондунун төрагасы;
Шафигулина Мархабат Шарифовна, «Фаир» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
Юлдашева Азиза Узгеновна, «Ассоциация агробизнесменов Кыргызстана «Жер Азыгы» Юридикалык жактардын бирикмесинин директору.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |