Редакцияот 22.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 22-августу № 310-б

Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн 21 811 800 (жыйырма бир миллион сегиз жүз он бир миң сегиз жүз) сом бөлүп берсин, анын ичинде:

- 6 528 500 (алты миллион беш жүз жыйырма сегиз миң беш жүз) сом Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын Тайлан-Сай айылынын Тайлан-Сай дарыясы аркылуу өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү куруу үчүн;

- 15 283 300 (он беш миллион эки жүз сексен үч миң үч жүз ) сом Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков айыл аймагынын Ширин айылынын Серный участкасындагы Көк-Арт дарыясы аркылуу өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү куруу үчүн;

2) анын ичинен:

6 300 000 (алты миллион үч жүз миң) сом Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен;

15 511 800 ( он беш миллион беш жүз он бир миң сегиз жүз) сом Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча өткөрүлгөн конкурстардан учурдагы жылдагы үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бөлүп берилген каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев