КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 22-августу, № 312-б
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2019-жылдын түшүмүнөн кант кызылчасын жыйноодо керектүү өндүрүш шарттарын түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 2019-жылдын 1 -сентябрынан тартып 2020-жылдын 1-апрелине чейин темир жолдун 2016-жылдагы тарифтеринин деңгээлинде 2019-жылдын түшүмүнөн кант кызылчасын ташууну камсыздасын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө ушул буйруктун 1-пункту менен белгиленген 2019-жылдын түшүмүнөн кант кызылчасын ташуу үчүн темир жол тарифтерин айып санкцияларын салбастан колдонсун.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |