Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 22-августу № 313-б
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин ишин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 31-январындагы № 18 "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен:
- "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин ишин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 14 385 500 (он төрт миллион үч жүз сексен беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |