Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 7-июну № 189-б
Бишкек шаарында 2019-жылдын июнунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз техникалык жардамын кабыл алуу боюнча чараларды камсыздоо максатында, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 12-мартындагы № 4576/Здснг нотасын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-бсренелерине ылайык:
1. Россия Федерациясы тарабынан кайтарымсыз техникалык жардам катары берилген ушул буйруктун расмий тилдеги тиркелген тизмесине ылайык кыймылдуу мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун расмий тилдеги тиркемесинде көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
3. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылдуу мүлк Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка тиешелүү кабарлама жиберсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |