Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 9-августу № 296-б
Ак ниет жана үлгүлүү кызматы үчүн, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзүлгөндүгүнүн 16 жылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Джакишев Толубай Рустамович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкек шаарынын жазык-аткаруу инспекциясынын Октябрь райондук жазык-аткаруу инспекциясынын улук инспектору, ички кызматтын капитаны;
|
Жумаканова Нургуль Кадиновна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 2 мекемесинин начальниги, ички кызматтын подполковниги;
|
Жумаев Алмазбек Мусашович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 16 мекемесинин начальниги, ички кызматтын полковниги;
|
Нишанбаев Алибай
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын запаска бошотулган адамдар менен социалдык иштер боюнча сектордун башкы адиси.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |