Редакцияот 30.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 30-июлу № 393

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобого ылайык:

М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын 80 жылдык мааракесине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев