Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 1-июлу № 352
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 26-пунктуна ылайык жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Кадыров Дастан Курманбековичке сөгүш берилсин.
2. Жуктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткаруунун зарылдыгы тууралуу төмөнкүлөргө эскертилсин:
Ногойбаев Женишбек Ашимкуловичке | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
|
Эрмеков Асылбек Кадырмаматовичке | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевичке | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Торутаев Алтынбек Элимовичке | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.
|
Негиз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси министрдин сунушу.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |