Редакцияот 27.08. 2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 27-августу № 472

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана финансылык секторун өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Экономикалык изилдөөлөр борбору" тобунун жетекчиси Тыналиев Бакытбек Асылбекович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономика башкармалыгынын макроэкономикалык талдоо жана финансы рыногун талдоо бөлүмүнүн начальниги Алиев Айбек Аскербековичке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев