Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 29-августу № 480
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобого ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына төмөнкүлөргө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 50 000 (элүү миң) сом бөлүнсүн:
- Исаев Чубакбек Сайфудиновичке - 30 000 (отуз миң) сом; Жанибек уулу Бектурга - 20 000 (жыйырма миң) сом.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |