КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-августу № 500
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобого ылайык:
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ысык-Көл облусунда ат спорт оюндары боюнча мелдешти өткөрүүгө финансылык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына:
- "Көк-Бөрү" (Улак-тартыш) федерациясы" коомдук бирикмеси үчүн 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн;
- "Улуттук ат оюндары боюнча республикалык федерациясы "Аргымак" коомдук бирикмеси үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |