Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 21-февралы, 93
Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография чөйрөсүнө кошкон салымдарын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык'
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Байгазакова Нургүл Чоробековна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Чүй-Токмок аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Мисиралиев Нурдин Акматович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн начальниги;
|
Эшимбекова Рыскүл Абылдабековна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Москва райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн начальниги; |
Токмулина Наталья Валерьевна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомдук кеңешинин мүчөсү.
|
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Сламкулов Медер Өмүргазиевичке
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин актыларды иштеп чыгуунун жана экспертизадан өткөрүүнүн биринчи башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы; |
Кожомкулов Тилек Байгелдиевичке
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин каттоо жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Сматова Нургүл Мыктыбековнага
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жер кадастры жана жерге жайгаштыруу бөлүмунүн жетектөөчү адиси.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |