Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-августу, № 503
Ак эмгеги, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы, Кыргыз Республикасынын мунайгаз тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Мунай жана газ өнөр жайынын кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Абилдаев Болот Орозбекович
| «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
|
Акимбаев Сабырбек Орозбекович
| «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары.
|
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Маматов Мирбек Акжигитовичке
| «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Бишкекгаз» филиалынын техникалык маселелер боюнча директорунун орун басары;
|
Бондарев Юрий Анатольевичке
| «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Бишкекгаз» филиалынын ички газ жабдууларын тейлөө боюнча газ жабдууларын ишке киргизүү жана оңдоо боюнча слесарь.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |