Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 5-сентябры, № 326-б
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга реабилитациялык кызмат көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, реабилитациялык корпустарды эрготерапия жана физикалык терапия кабинеттеринин ISO 9001 стандарттарына ылайык келүүчү техникалык көмөкчү каражаттар менен жабдуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук мекемелерине 94 000 000 (токсон төрт миллион) сомду белгиленген тартипте бөлүп берсин, анын ичинен:
- Жалал-Абад психоневрологиялык балдар социалдык стационардык мекемесине – 48 000 000 (кырк сегиз миллион) сом;
- Беловодск психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине – 46 000 000 (кырк алты миллион) сом.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аталган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |