Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 5-сентябры № 325-б
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккан адамдар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында гемодиализ боюнча кызмат көрсөтүү үчүн 2019-жылга 130 000 000 (жүз отуз миллион) сом суммасындагы финансы каражатын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бөлүп берсин;
2) «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансы каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3.Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |