Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 6-сентябры, № 331-б
2019-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында "Евразия жумалыгы" төртүнчү эл аралык көргөзмө форумуна өз учурунда даярдык көрүүнү жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине № 1 "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын имаратындагы залдардын ижарасы жана техникалык камсыздоо, ошондой эле Форумдун катышуучулары менен VIP-конокторун транспорт менен камсыздоо үчүн 2 539 150,0 (эки миллион беш жүз отуз тогуз миң жүз элүү) сом өлчөмүндө финансы каражатын бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2019-2021-жылдарга болжолу" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздасын;
- белгиленген тартипте ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |