Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 1-февралы,№ 42
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Акназаров Корчубектин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Маркум менен коштошууну уюштуруу боюнча төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Боронов Кубатбек Айылчиевич
| Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Бусурманкулов Эмил Бурканбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
|
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович
| Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри;
|
Жаманкулов Азамат Капарович
| Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
|
Джунушалиев Кашкар Астаканович | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
|
Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
|
Чолпонбаев Космосбек Сариевич | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
|
Суракматов Азиз Эмильбекович | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Тердикбаев Эрлис Джекшенович | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
|
Карыпбеков Илим Майрамбекович
| Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Мураталиев Марат Молдонович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Мамбетакунов Нурбек Тельманович
| Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары;
|
Дуйшеев Орозбек Дуйшеевич
| маркумдун тууганы (макулдашуу боюнча).
|
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен жарандардын коштошуу ырасымын өткөрүү күнү -2019-жылдын З-февралында, саат 11.00 дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автоколоннанын коопсуз жүрүүсүн камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы маркум менен жарандардын коштошуу ырасымы өткөрүлгөн убакытта ардактуу күзөттүн жана үйлөмө аспаптар оркестринин катышуусун камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- маркум менен коштошуу үчүн катышуучуларды ташууга транспорт берсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана уюштуруу комитетинин атынан гүлчамбар сатып алсын;
- Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театр алдында үн күчөткүч техникасы менен камсыз кылсын.
6. Корчубек Акназаровдун үй-бүлөөсүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз, Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына 50 000 (элүү миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |