КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 6-сентябры № 523
Ак ниет иши жана «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун урматына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Джылышбаев Максат Нурбекович
| Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Саркулов Ыманалы Кадырбаевич
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги;
|
Джээнбаева Элнура Нурманбетовна
| Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр саясатын түзүү башкармалыгынын башкы адиси;
|
Ильина Жанна Васильевна
| Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр саясатын түзүү башкармалыгынын башкы адиси;
|
Садыков Данияр Бейшеналиевич
| «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын программалык камсыздоону иштеп чыгуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Султанов Чынгыз Эркинович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын долбоордук иш-аракеттер башкармалыгынын начальниги;
|
Бакиров Иса Калысович
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын транспорт, байланыш, отун-энергетикалык комплекси жана туризм бөлүмүнүн башчысы.
|
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Скобеев Егор Леонидовичке
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы;
|
Баратова Гульмира Турткуловнага
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун начальниги, милициянын полковниги;
|
Шабданов Медербек Тагайбековичке
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун начальнигинин орун басары; |
Ибраев Талантбек Жекшеновичке
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жол көзөмөлү бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги;
|
Байганчук Жандос Мухтаровичке
| Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы;
|
Хамидуллин Сухраб Гайфулловичке | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын программалык камсыздоону иштеп чыгуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Союзбеков Азамат Курманбековичке | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын маалыматтык системалар бөлүмүнүн тармактык администратору.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |