КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 24-октябры, № 376-б
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл аймагынын сугат жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында, «Кыргаз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине 2018-жылда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине мамлекеттик ирригациялык курулмаларды күтүүгө, техникалык эксплуатациялоого жана капиталдык оңдоого каралган бюджеттик каржылоонун чегинде наркы 3 000 000 (үч миллион) сом өлчөмүндө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл аймагынын «Ак-Талаа» ички чарбалык каналынын башкы курулмасын оңдоп, калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |