Редакцияот 15.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 15-октябры, № 357-б

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 98-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен 2018-жылга республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 102 500,0 миң (бир жүз эки миллион беш жүз миң) сомго көбөйтсүн;

"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.";

- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2 пайызын" деген цифра жана сөз "6 пайызын" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев