Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 23-октябры № 374-б
Соттук-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүп жаткан иш чараларды натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо программасынын алкагында "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен 34 500,7 миң (отуз төрт миллион беш жүз миң жети жуз) сом суммасындагы кошумча каражат бөлсүн, анын ичинде:
- Жазык-аткаруу тутумунун органдарында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү жана ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 9 902,0 миң (тогуз миллион тогуз жүз эки миң) сом;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү жана ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 24 598,7 мин (жыйырма төрт миллион беш жүз токсон сегиз миң жети жүз) сом;
2) "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Республикасынын Өкмөтүнүн Апларатынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |