Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 15-октябры, № 358-б
Эл аралык комплекстүү спорттук оюндарда жогорку спорттук натыйжаларга жетишкен Кыргыз Республикасынын спортчуларын шыктандыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын спортчуларына - курама командаларынын мүчөлөрүнө жана 2018-жылдагы эл аралык комплекстүү спорттук оюндардын жыйынтыктары боюнча алардын машыктуучуларына, медициналык персоналга берилүүчү бир жолку акчалай сыйлыктардын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин:
1) XVIII Азия оюндары жана III Азия Пара оюндары: спортчулар учүн:
- биринчи орун үчүн - 1 250 000 (бир миллион эки жүз элүү миң) сом;
- экинчи орун үчүн - 750 000 (жети жүз элүү миң) сом;
- үчүнчү орун үчүн - 500 000 (беш жүз мин) сом;
башкы машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт;
жеке машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт;
спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын медициналык персоналына сыйлык акы спортчулардын бир жолку акчалай сыйлыктарынын жалпы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө төлөнөт;
2) III өспүрумдөрдүн Олимпиадалык оюндары: спортчулар үчүн:
- биринчи орун үчүн - 1 000 000 (бир миллион) сом;
- экинчи орун үчүн - 500 000 (беш жүз миң) сом;
- үчүнчү орун үчүн - 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
улук машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт;
жеке машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2018-жылдагы эл аралык комплекстүү спорттук оюндарда спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курамы командаларынын көрсөткөн натыйжалары боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бир жолку акчалай сыйлыкты төлөп берүү үчүн 2018-жылга кошумча финансылык каражаттарды бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |