Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 23-августу, № 293-р
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 токтому менен бекитилген Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуучулук талаптардан четтөө суммаларынан мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган кирешелер түрүндөгү алынган кирешелердин эсебинен 10 960,5 миң (он миллион тогуз жүз алтымыш миң беш жүз) сом акча каражатын бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |