Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-сентябры, № 343-б
"Чыңгыз Айтматов жана заманбап чакырыктар" III Эл аралык Ысык-Көл форумунун чет өлкөлүк катышуучуларын кабыл алууну ийгиликтүү уюштурууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, 2018-жылдын 4-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтө турган "Чыңгыз Айтматов жана заманбап чакырыктар" III Эл аралык Ысык-Көл форумуна (мындан ары - Форум) катышуучу чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражат албастан визалык колдоолорду жана визаларды тариздөөдө көмөк көрсөтүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечимдерди кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Форумга катышуучу чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам түрдө өтүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмунө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |