Редакцияот 12.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 12-сентябры № 691

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобого ылайык:

1. Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жабыр тарткан Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгуловичтин дарылануусу менен байланышкан чыгымдарын төлөп берүүгө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 1 462 691 (бир миллион төрт жүз алтымыш эки миң алты жүз токсон бир) сом бөлүнсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 528 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев