Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-августу, № 279-б
Калкка медициналык жардам керсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, эрте куракта балдардын оорусун төмөндөтүү жана өнүгүүсүндөгү бузулуусун табуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып:
жаңы төрөлгөн балдарга неонаталдык скрининг жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча 40 000 000 (кырк миллион) сомду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бөлүп берсин;
«Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |