Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 29-октябры, № 378-б
Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноого колдоо көрсөтүу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана гибриддерин сыноону уюштуруу жана өткөрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн келечектүү жана тартыш сортторунун үрөнүн көбөйтүү боюнча иштерди камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө белгиленген тартипте бюджеттик кредит бөлүп берсин:
- Ош облусунун Кара-Суу мамлекеттик комллекстүү сорт сыноо участогуна - 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
- Чүй облусунун Сокулук мамлекеттик комплекстүү сорт сыноо участогуна - 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредитти толук төлөө меөнөтү - 2019-жылдын 25-декабрына чейин;
- пайыздык ставка жылына 0,1 пайыз өлчөмүндө.
3. Төлөө мөөнөтү бузулган учурда кечиктирилген төлөмдүн ар бир күнү үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынан 0,01 пайыз эсептелсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн, бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн, бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттарды республикалык бюджетке өз убагында кайтарууну.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |