КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 3-ноябры № 389-б
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун финансылык стабилдүүлүгүн жана туруктуу иштөөсүн камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом бөлсүн;
- ''Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жыддарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |