КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-октябры № 371-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиннн 2017-жылдын 24-майындагы № 1594-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомунун З-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
-"Таза Коом" Кыргыз Республикасынын санариптик трансформапиялоо программасын ишке ашыруунун алкагында казыналык системанын маалыматтарын коргоону камсыздоо, маалыматтардын коопсуздугун жана "Республикалык бюджетти пландоо жана түзүү" жана "Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо" жаңы модулдарын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында карапган каражаттардын эсебинен 14,0 (он төрт) миллион сом суммасында каражат бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда жогоруда аталган каражаттар каралсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жуктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |