Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 26-декабры № 455-б

 «Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коомуна жана «Бешинчи канал» жабык акционердик коомуна бир жолку финансылык колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте «Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коомунун жана «Бешинчи канал» жабык акционердик коомунун ишин каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 6,0 (алты) миллион сом бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 6,0 (алты) миллион сом өлчөмүндөгү каражатты мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду трансляциялоо боюнча көрсөтүлгөн кызматтарды төлөөгө жумшасын, анын ичинен:

- 3,0 (үч) миллион сом - «Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коомуна;

- 3,0 (үч) миллион сом - «Бешинчи канал» жабык акционердик коомуна.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев