Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 23-июлу, № 260-б
Соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын санитардык турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу. Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу тутумунун мекемелерине эмеректерди, инвентарларды жана башка жабдууларды сатып алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 8 132 000 (сегиз миллион бир жүз отуз эки миң) сом кошумча акча каражатын бөлсүн;
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |