Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 18-декабры, № 440-б
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте «КОПРИ-СИНОГИДРО ДЖОИНТ ВЕНЧУР» жоопкерчилиги чектелген коомунун арызынын негизинде 2013-жылы чыгарылган, кузовунун № ХТА21310ОЕ0158006, кыймылдаткычынын № 0531754, кыймылдаткычынын көлөмү 1690 см3 , күмүш түстөгү "ВАЗ 21310" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Алпаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |