Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-сентябры, № 318-б
Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциал жана чек арадагы сооданы өнүктүрүү, Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык соода-логистикалык комплексин куруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык соода-логистикалык борборун түзүү жана иштетүү боюнча жооптуу аткаруучу болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Ресггубликасынын Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылдык аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна ылайык "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясына жер участогун мыйзамдарда белгиленген тартипте берүү маселесин карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык соода-логистикалык борборун куруу үчүн инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |